Перевальный алтын кени
From Underfoot
Перевальный алтын кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, Терексай суусунун орто агымында, деңиз деңгээлинен 1800–2200 м бийиктикте. 1968–83-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун монцониттери, диориттери, гранодиориттери, триастын кварцтуу сиенит–порфирлери, кварцтуу сиениттери менен жирелген протрезойдун мраморлору, кварц-плагиоклаз-амфибол сланецтери, кварц-плагиоклаз сланецтери, граниттери, диориттери, плагиограниттеринен түзүлгөн. Рудалануу протерозойдун семизсай свитасынын сланецтериндеги талкаланган жана жаракалар зоналары менен байланышкан. Руда тарам тибине жана алтын-сульфиддүү формацияга кирет. Руданын негизги минералдары: пирит, арсенопирит. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 7,5 г/т. Руданын запасы 998,3 миң т, алтындыкы – 7,5 т.
| Type | Subtype | Date | Description | Notes | Source |
|---|---|---|---|---|---|